Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Сокулуктук тургундун уюлдук телефонун уурдаган 45 жаштагы эркек киши кармалды

Turmush -  Сокулук районунун тургунунун уюлдук телефонун уурдап кеткен 45 жаштагы эркек киши кармалды. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну Ж.Э. кайрылып, 29-сентябрь күнү болжол менен саат 11:55 чамасында Бишкек шаарында жайгашкан ири соода борборлордун биринен уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 45 жаштагы Ө.Ж. (эркек киши) кармалган.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1046
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×