Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Жубайлар: Билим берүү тармагында эмгектенген А.Бооронбаева сүйүктүүсүн карылар үйүнөн тапты (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы карылар жана майыптардын социалдык стационардык мекемесинде жашаган 54 жаштагы Атыркүл Бооронбаева бир топ жыл эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Атыркүл айым ѳзүнүн сүйүктүүсүн ушул мекемеден тапкан. Мекеменин кызматкерлеринин айтымында, Казыбек мырза менен Атыркүл айым башкаларга үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толукташат.

А.Бооронбаева бул мекемеге ден соолугуна байланыштуу 2014-жылы декабрь айында келген.

«Мен Маяковск атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия-биология факультетин аяктагам. Андан соң Талас районунун Кара-Кѳл айылындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 орто мектепке химия жана биология мугалими болуп жумушка орноштум. Ортодо дагы бир эки мектепте эмгектенип, кийин Арчалуу орто мектебинде иштедим. Ошентип жүрүп ден соолугумдун айынан ушул мекемеге 2014-жылдын декабрь айында келдим», - деди ал.

Ал эми жолдошу Казыбек атанын эки кѳзү кѳрбѳсѳ да, ал мекемедеги бардык иш-чарага активдүү катышып келет. Атыркүл эженин айтымында, алар 2015-жылы бири-бирин жактырып, баш кошууну туура кѳрүшкѳн.

«Албетте, биз жаштарга үлгүлүү үй-бүлѳ болуп бергибиз келет. Тагдырыбызга, ѳмүрүбүзгѳ нааразы эмеспиз. Ар бир нерсенин ѳзүнүн жакшы жагы жана бактылуу учуру болот», - деди ал.

Аталган мекеменин кызматкерлеринин айтымында, Атыркүл айым мугалим болгондуктан ѳзүнѳ так жана ар бир иш-чарага, сынактарга активдүү катышып келет.

«2016-жылы студенттер арасындагы сармерденде 1-орунду алган. Быйыл Нооруз майрамына карата ѳткѳрүлгѳн сынакта да жеңүүчү болду. Казыбек ата менен баш кошуп, үй-бүлѳ куруп кетишине биздин эмгек жамааттын салымы бар. Биз экѳѳнүн бири-бирине болгон жакшы кѳрүү сезимдерин жеткирип бергенбиз», - деди кызматкерлер.

Атыркүл Бооронбаева 1963-жылы 23-апрелде Талас облусунун Талас районунда тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×