Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Билим берүүдө үзүрлүү эмгектенген Ж.Караева, бир топ мактоо баракчаларга татыды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун 37 жаштагы тургуну Жамила Караева билим берүү тамагында үзүрлүү эмгектенип, бир топ мактоо баракчаларына татыган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда  «Бөбөк дүйнөсү» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенет.

«Нарындагы Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулгам. Жолдошум экөөбүз айылдагы Эргеш Мейманов атындагы мектепте чогуу окудук. Борборго келип, Кыргыз улуттук университетинин биология факультетине тапшырдым. Университетти бүтүргөндөн кийин турмушка чыктым. Учурда жолдошум экөөбүз үч уулубузду тарбиялап жатабыз. Алар мектепте окушат. Эмгек жолумду Аламүдүндүн Таш-Дөбө айылындагы облустук мектеп-гимназияда биологиядан сабак берүү менен баштагам. 2012-жылдан бери Биринчи Май айылындагы "Бөбөк дүйнөсү" бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенип келем. Бала бакчадагы жана өзүмдүн балдарыма татыктуу билим, тарбия берсем деген тилегим бар. Келечек жаштардын колунда деген сөз бекеринен айтылган эмес. Биз өстүргөн балдар өлкөбүздүн керегине жараган инсандар болушун каалайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 547
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×