Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

«Тагдыр»: Балдар үйүндө чоңойгон Э.Байбосунованын үй-бүлөсү азык-түлүккө акча таппай, оор турмушта жашап жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 38 жаштагы тургуну Элмира Байбосунова талаа жумуштарында иштеп, 5 баласын багат. Анын жолдошу эки бутуна протез салгандыгына жана астма оорусу менен ооругандыгына байланыштуу оор жумуштарды жасай албайт. Аймактык кабарчы Элмира эжеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жайында талаада иштеп, күнүнө 600 сом табат.

«Учурда аба ырайы сууктап кеткендиктен талаа жумуштары токтоп, азык-түлүк алганга жана батирдин ижара акысын төлөгөнгө акча жок болуп жатат. Жолдошумдун эки бутуна тең протез салынган жана астма оорусу менен жабыркап келет. Ошондуктан, ал жумушка жарамсыз.

Жашап жаткан батирибизге 4 миң сом акы төлөйбүз. Жайында талаада иштеп, акча табам. Азыр күн суук болуп талаа иштери токтоду. Аба ырайынын жылышын күтүп жатам. Күн жылып калса балдарым менен иштеп, акча таап алат элек. Балдарымдын баары окушат. 3 кыз, 2 уулум бар. Алардын улуусу 16 жашта, ал эми кичүүсү 4-класста окуйт. Үй-бүлөм менен Токмок шаарынын 3-кичи районунда турабыз. Учурда балдарымдын кышкы кийимдери жок. Эмне кыларымды билбей, айла таппай жатам. Катталбаганыбызга байланыштуу балдарга жөлөк пул да албайм. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылгам. Жолдошумдан тышкары кызым да астма оорусу менен ооруйт. Аларга дарыны талаадан иштеп тапкан акчага алып берчүмүн», - деди ал.

Элмира эже балдар үйүндѳ чоңойгондугун кошумчалады.

Э.Байбосуновага жардам берүүнү каалагандар 0709 25 32 68 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×