Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кайненеси 2 айга камалды: Жайылдын тургунун ур-токмокко алып, 3,5 жаштагы кызын уурдап кетишти

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда 3,5 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу кыздын атасы Андрей Добровольский билдирди.

Анын айтымында, бул ишке жубайынын туугандарынын катыштыгы бар. Ал белгилегендей, Алексеевка айылындагы үйүнө 30-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында белгисиз 4 адам келип, себеби жок ур-токмокко алышкан. Бул мезгилде анын кайненеси келген.

«Эшикке караңгы кирип калган. Белгисиз адамдар мага кол салып жатканда кызымды бирөө чакырып жатканын уктум. Айланамды карасам Россиянын Ханты Мансийск шаарында жашаган кайненем көрүндү. Белгисиз бирөө кызымды алып кетти. Анын ким экенин көргөн жокмун. Мени сабаган жигиттер дароо качып кетти. Бирок кайненемди кармап калганга жетишип, аны үйгө алып кирдим. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакырып, кызымдын жоголгондугу тууралуу арыз жаздым», - дейт ал.

Ал белгилегендей, 3,5 жаштагы Полина Добровольская акыркы жарым жылдан бери аны менен жашап жаткан. Энеси кызын таштап, Россияга иштөө үчүн кеткен. Кийин ага аялы ажырашуу үчүн арыз жазгандыгы боюнча билдирүү келген.

А.Добровольскийдин айтымында, төрт жолу сот отуруму өткөн. Аялы Россиянын жараны болгондугуна байланыштуу отурумга Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин өкүлдөрү катышкан. Бирок алардын ортосунда кызды кимге калтыруу боюнча чечим чыга элек болчу.

«Сот отурумунда үлгүлүү ата экенимди далилдедим. Жубайым үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей, милиция менен издеген учурлар да болгон. Ал 2016-жылы Россияга кеткен. Жарым жыл бою биз менен байланышкан эмес. Сот кызыбыздын кимге көбүрөөк жакын экенибизди аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүү токтомун чыгарган. Алар соттун чечимин күтпөй кызымды уурдап кетүүнү чечишкен. Ал эми, аялыма кызды алып кетүү тууралуу уруксат кагазын берген эмесмин. Кайненем ал күнү кокустан келип калганын айтып жатат. Ошондой эле, ал небересине учурашканы келгенин билдирди. Кызым төрөлгөндөн бери менин жанымда. Беш күндөн бери анын каякта экенин билбей, кабатыр болуп жатам. Ал Кыргызстандын аймагында болбошу да мүмкүн. Кызымдын жоголгонуна эки күн болгондон кийин чек ара кызматкерлерине маалымдалган. Сот кайненемди 2 айга камоо чечимин чыгарды. Бирок ал 5 күндүн аралыгында чечимге даттануу арызын жаза алат. Эгер аны камактан бошотуп жиберишсе, ал да кетип, кызымды табууга болгон акыркы үмүт жоголот», - деди жергиликтүү тургун.

3,5 жаштагы Полина Добровольская акыркы жарым жылдан бери атасы Андрей Добровольский менен жашап жаткан. Анын энеси Россияга иштөө үчүн кеткен. Кийин Андрейге аялы ажырашуу үчүн арыз жазгандыгы боюнча билдирүү келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×