Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

70 жылга созулган сүйүү: 95 жаштагы Сардарбек ата байбичесин 5-классында тапкан (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын эң кары адамы катары катталган Сардарбек Акылбеков быйыл 95 жашка толду. Ал 5-классында бир мектепте чогуу окуган Наз апаны жактырып, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ага баш кошкон. Жубайы менен 70 жыл бирге жашап, эки уул жана бир кызды тарбиялап ѳстүрүп, 14 небере, 20 чѳбѳрѳ, 3 кыбыралуу болушту. Аймактык кабарчы Сардарбек ата менен таанышты.

Анын кызы Дилбар Акылбекованын айтуусунда, Сардарбек ата байбичеси Наз ападан айрылып калгандан бери ѳзүн таштап, абалы мурункудай болбой, унутчаак болуп калган.

«Атам өтө тың болчу, ѳткѳн-кеткендерди унутпай так айтып берчү. Апам экөөнүн баш кошконуна 70 жыл болгонун жана Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин белгилейбиз деп жатканда апамдан айрылып калдык. Тойго 20 күн эле калган. Ошондон кийин атам ѳзүн таштап салды», - деди ал.

Сардарбек ата Наз апаны 5-класста окуп жүргөндө эле жактырып калганын, ал сүйүү согуштан кийин да уланганын айтты.

«Байбичем Наз Акылбекова менен мектепте чогуу окуганбыз. 5-класста окуп жүргөндө эле менде жакшы кѳрүү сезими ойгонгон. Наз экөөбүз ошондо эле бири-бирибизди жактырып калганбыз. Аскерден келгенден кийин жубайым дос кызы менен элден жашырынып, мен жаткан ооруканага барып, ал-абалымды сурап турчу. Кызыл-Туу айылынан Фрунзеге чейинки аралык 30 чакырым болот, алар ушул жолду жѳѳ басып өтүшчү.

Аракетчил жана максаты аябай бийик эле. Жогорку окуу жайдан билим алууну аябай көздөгөн. Бирок даярдоо курсунда окуп жүргөндө безгек оорусуна кабылып, окууну таштоого туура келген.

Жашообуздагы эсибизден кетпеген эң кубанычтуу кѳз ирмем — кызымдын тѳрѳлүшү болгон. Анткени улуу баламдан кийин 18 жыл бала кѳрбѳй жүрдүк. 1964-жылы кыздуу болуп, аябай сүйүнгѳнбүз. Ошондо ушул Дилбар кызым тѳрѳлгѳн», - деди ал.

Сардарбек ата 1939-жылы Кызыл-Туу айылындагы мектепти бүтүп, аскерге 1941-жылы кеткен.

«Мен аскерге 18 жашымда кеттим. 1941-жылдын октябрь айынын аягы болчу. Алгач бизди аскердик окуудан өткөрүү үчүн Россиянын Воронеж шаарына жѳнѳтүштү. Андан соң Белгороддогу согуш талаасына жѳнѳдүк. Мен анда 214-аткычтар дивизиясында болдум. Тарыхтан окусаңыздар керек, ал шаарды бошотуу үчүн жарым жыл согуш жүргѳн. Аягында ал кайрадан оккупацияда калган. Ошентип отуруп 1943-жылы Белгородду немистерден бошотуп алганбыз. Эвакуацияланган тургундар кайра келип, жашоосун улантып башташкан. Миңдеген окуучуну кабыл алган №2 орто мектеп, 2 башталгыч мектепти ачышты. Жашоолору акырындан ордуна келип, биз 18-мартта Белгородду таштап кеткенбиз. Так ошол маалда фашисттердин учактары шаардын таш талканын чыгарып, бомбалап таштады. Кайрадан оккупацияга кабылды. Экинчи жолу Белгороддогу кармаш 4,5 айга созулду. Ошентип, 1943-жылдын 5-августунда кайрадан шаарды фашисттерден толук бошотуп алдык. Ошол күндѳрдү эстесем тасмадагыдай эле окуялар болду. Октор башыңдан кайып учат. Танктар, учактар жарылып, ар кайсы жерде тарсылдаган, кулакты жаңырткан үндѳр. Жерде казылган окоптордо далай күндѳр калды. Эптеп бышырылган кургак тамактарды жеп жүрдүк. Тегерегимдеги жапжаш аскерлер биринин артынан бири курман болушту.

Мен үй-бүлѳдѳ жалгыз бала болчумун. Ошол себептен апам зар какшап жолду карап, кѳзү тирүү келсе экен деп тиленчү экен. Ошол 1943-жылдагы кандуу согушта досумдан айрылдым. Аны мен колума кармап, окопту кѳздѳй сүйрѳгѳн кезде алыс эмес жерден снаряд жарылды. Снаряддын калдыктары колума тийип, жарадар болдум. Жарым күн эс-учума келбей жатып, андан соң Тамбов шаарындагы ооруканага жѳнѳтүштү. Ал жерде орун дагы, ашыкча дары-дармек дагы жок экен. Колумду жѳн гана таңып коюшту да, башка ооруканага жѳнѳтүштү. Ал жакта да орун жок. Ошентип отуруп поезд менен Кыргызстандын Фрунзе шаарына келдим. Аскердик оорукана азыркы Кыргыз улуттук университеттин имаратында жайгашкан болчу. Колумдун жарааты күчѳп, ал ириңдеп, карарып бара жатыптыр. Аскердик оорукана жарым жыл жатып, айыгып чыктым», - деди ал.

Сардарбек Акылбеков Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Токбай айылында 1923-жылы 6-ноябрда тѳрѳлгѳн. Бир үйдүн жалгыз баласы. Өзүнүн улуу баласы 71 жашта, андан кийинки кызы 53 жашта. Кичүү уулу каза болуп калганын кошумчалады. Ардагер колхоздо кой, жылкы багып, кампачы болуп жалпы 50 жыл иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1274
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×