Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

23 жаштагы айдоочу катышкан кырсык: Экинчи айдоочу небереси менен көз жумду

Turmush -  Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагындагы жол кырсыктан эркек киши небере кызы менен каза болду, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Буга чейин Turmush басылмасына Аламүдү­н районундагы жол кырсыктан 2 адам каза болуп, ­ 2 адам жара­кат алгандыгы маалымдалган. ӨКМдин маалыматы боюнча, жол кырсык кечээ, 3-октябрда саат 14:00 чамасы­нда Бишкек—Торугарт у­наа жолунун 5­-чакырымында болгон. Ч­ыгыштан-батышты көздө­й бара жаткан «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен батыштан-­ч­ыгышты көздөй бара жат­кан «Субару» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Чүй ОИИБден билдиргендей, аталган кырсык күндүзгү саат 14:00 чамасы­нда Бишкек —Торугарт айланма жолдун 2-чакырымында катталган. Жүк ташуучу унааны 1967-жылы туулган Т.Х. башкарып бара жаткан. Анын жанында 49 жаштагы Т.К. аттуу аялы жана алардын 4 жаштагы небереси И.Р. бар болчу. Ал эми, «Субару Аутбэк» автоунаасын 1994-жылы туулган С.С. башкарып бара жаткан.

Аталган жол-транспорт кырсыгы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши башталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Субару Аутбэк» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу баңгизат же башка токсиндик затты колдонуу менен мас абалында болгондугу айтылууда. Анын мындай каражаттарды колдонгондугу же колдонбогондугу тууралуу так маалымат тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында билинет. Ал рулду башкара албай, каршы тилкеге чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2024
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×