Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 04.10.2017 10:23

Сокулукта адептүү жүргѳн окуучулар сыйланышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинде сылык, адептүү жүргѳн окуучулар белек менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Биз өткөн жумада “Сылыктык жана жакшы жүрүм-турумдардын жумалыгын” жарыялаганбыз. Ошол жуманын жыйынтыгы чыгарылып, сылык, адептүү окуучулар белектер менен сыйланышты. Ошону менен катар сабактан кечиккен окуучуларга эскертүү берилди», - деп билдиришти мугалимдер.

Сылык жана адептүү жүргѳнү үчүн 3-класстын окуучусу К.Хизиза, 5-класстын окуучусу Т.Арзыматов, 5-класстын окуучусу Т.Рахманжанов, 4-класстын окуучусу А.Шакировдор баалуу белектерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×