Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Бычакташуу менен аяктаган жаңжал: Жабырлануучу аялын тааныш кишинин балконунан тапкан

Turmush -  Чүйдөгү Кемин райондук соту таанышын бычак менен курсакка сайып жарадар кылган Р.А. аттуу жаранга карата өкүм чыгарды. Айыпкер буга чейин да сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу соттун 2017-жылдын 12-июлундагы токтомунда айтылат.

Айыпталуучунун айтымында, 24-апрелде таанышынын аялы Б.И. үйүнө барып, бир нече күн жашап турууну суранган. 26-апрелде саат 22:00 чамасында эшиктин коңгуроосу кагылып, алар Б.И.нин күйөөсү келгенин түшүнгөн соң аял балконго чыгып, жашынып калган. Өзү эшикти ачаары менен В.В. бетине сокку урган. Аялын балкондон тапкан В.В. аны үйгө барба деп урушуп, өзү чыгып кеткен. Болжол менен жарым сааттан кийин В.В. ал үйгө уулу менен келип, кошо ала келген спирт ичимдигин Б.И. болуп бирге ичишкен.

Арак ичилгенден кийин В.В. уулун алып үйүнө кетсе, Б.И. айыпталуучунун батиринде калган. Андан 1 сааттай убакыттан кийин В.В. анын үйүнө кайрадан келип, алардын ортосунда уруш чыккан. Жаңжал учурунда айыпталуучу столдун үстүндөгү бычакты алып, В.В.ны курсак тушка сайган.

Жаракат алган жабырлануучу В.В. дагы сот отурумунда окуя тууралуу тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 26-апрелде жумушта болуп, кечинде үйүндөгү балдарын тамактандырган. Саат 20:30 чамасында аялын издеп Орловка шаарындагы таанышынын (Р.А.) үйүнө барган. Бирок ал алгач аялы анын үйүндө жок экенин айтып, издеп жатып балкондон тапкан. Ал жерден жаңжал болуп, аялына кол көтөрүп, андан кийин үйүнө кеткен. Үйүнөн арак ичип, саат 23:00 чамасында уулун ээрчитип алып кайрадан таанышынын үйүнө барган. Таанышы, аялы менен бир аз убакыт сүйлөшкөндөн кийин уулун үйүнө таштап, кайра алардын жанына кайтып барган. Андан аркы окуяны мас абалына шылтап толук айтып берген эмес.

Тергөө иштеринин жыйынтыгын эске алган сот айыпталуучуга карата чара көрүү өкүмүн чыгарган. Анда, Р.А. күнөөлүү деп табылып, 7 жылдык мөөнөттөгү жазаны түзөтүү абагында күчөтүлгөн режимде өтөсүн деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8670
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×