Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Чебер Ф.Шейшеева кийизден жасаган буюмдарын АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнө сатат (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 53 жаштагы тургуну Фариза Шейшеева АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн дүйнөлүк кол өнөрчүлөр фестивалына катышты. Ал иш-чарага катышуу тууралуу билдирмесин былтыр жиберип, тандоодон өткөндөн кийин эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын атынан барууга мүмкүнчүлүк алган. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Чебердин айтымында, көргөзмөгө алар кийизден жасалган буюмдарды алып барышкан.

«Америкага барганда бизди эң бай шаарлардын бири — Санта-Федеги чоң жана абдан кооз мейманканалардын бирине жайгаштырышты. Ал жакта 11 миң миллионер жашайт экен. Фестиваль жогорку деңгээлде уюштурулуп, көптөгөн өлкөлөрдүн чеберлери эмгектерин алып барышты. Кыргызстандан өндүрүлгөн буюмдар меймандардын көңүлүн бурдурду. Америкалыктар жана европалыктар биздин кийизден жасалган буюмдардын синтетикадан эмес табигый кездемен жасалганы үчүн баалашат. Мындай буюмдар ден соолукка зыяндуу эмес. Ал эми, жүндөн жана кийизден жасалган кийимдер жайында салкын болуп, кышында жылуулук берет. Фестивалга байыркы технология менен кийизден колго жасалган кичинекей оюнчуктарды алып бардык. Чет элдиктер өзгөчө жырткычтар жана жаныбарлар түрүндө жасалган оюнчуктарды жактырышты. Алар төөлөрдү, гепард, пилдерди, чымчыктарды жана башка жаныбарларды көп сатып алышты. Ар бир оюнчукка сөзсүз кыргыздын улуттук оймолору түшүрүлгөн. Жасала турчу буюмдардын ар биринин дизайнын өз-өзүнчө иштеп чыгабыз. Айрым учурларда аны иштеп чыгуу үчүн 6 айга чейин убакыт кетет. Көбүнчө кыргыз элинин маданиятын чагылдырып, байыркы мезгилдерди эстеткен оймо-чиймелерди, сүрөттөрдү колдонобуз.

Фестиваль бүткөндөн кийи бизге Германиядан делегация келип, кандай шартта иштегенибиз менен таанышып кетишти. Алар оюнчуктар табигый кийизден гана жасалгандыгын көргөндөн кийин ар кандай түрдөгү 600 ат оюнчукка буйрутма беришти. Жасаган буюмдарыбызды АКШ, Италия, Корея, Улуу Британия, Кытай, Казакстан, Россия жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтөбүз. Буюмдарга керектелүүчү кийизди өзүбүз жасайбыз. Айылдарды кыдырып, койдун жүнүн сатып алабыз. Андан кийин Токмок шаарындагы заводго алып барабыз. Ал жакта жүндү жууп, тазалап үйгө алып келип, кийиз жасайбыз. Бул үчүн белгилүү жөндөмгө ээ болуу керек. Жыгачтан жасалган столдун үстүнө жүндүн ичке жиптерин биринчи узатасынан, андан кийин туурасынан тегиз кылып жаябыз. Кийинки баскыч — басуу деп аталат. Жүндү кездеме менен жаап, анын үстүнө ысык суу куюп, самын менен сүртөбүз. Андан кийин аны түтүкчөгө ороп, эки саат тебебиз. Ушунун бардыгы бүткөндөн кийин гана буюмдар үчүн материал даяр болот», - деди кол өнөрчү.

Сүрөтчү Фариза Шейшеева 1964-жылы төрөлүп, 1986-жылы Бишкектеги көркөм окуу жайды бүтүргөн. Буга чейин Кара-Балта шаарындагы килем чыгаруучу заводдо иштеген. 2000-жылы завод жабылып калганда жиптерден өзүнүн автордук сүрөттөрүн жасап баштаган. Казакстанда өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө барып, кийизден жасалган буюмдарга суроо-талап көп экендигин көрүп, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар — көз айнек, телефон жана документтер салынуучу баштыктарды, кутуларды жана башкаларды жасап баштаган.

Учурда анын ишмердүүлүгү эл аралык деңгээлге чыгып, эмгектери кымбат журналдардын бетине жарыяланып жатат.

«Биздин ар бир буюм жеке долбоорлордун негизинде жасалган. Интернетте көптөгөн буюмдар бар. Бирок биздин милдет — байыркы технология менен заманбап жана саркеч буюмдарды жасоо. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө эли синтетикалык кийизди билет. Ал эми, биз элдик дөөлөттү сактап калуу үчүн андай кездемени колдонбойбуз», - деди ал.

Ф.Шейшеева жумуш орундарын түзүп, 30 аялды жумуш менен камсыздады. Алардын ичинде 13 аял ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×