Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Аламүдүндө кичи автобус толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 10 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 3-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Чүйдөгү Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында бастырмадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 150 чарчы мерт чатыры, 1 тонна көмүр, 3 куб отун, 500 түк саман, 1000 түк чөп жана «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.  

Ошондой эле, электр жабдууларынын техникалык эрежесинин бузулушунан улам Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында «Нива» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×