Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Токмокто көрүүсү начар адамдарга кытайлык дарыгерлер акысыз көз айнек таратты (фото)

Turmush -  Токмок шаарындагы көрүүсү начар тургундарга Кытайдагы окуу жайдын адистери акысыз көз айнек таратты. Шаардын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кытайлык дарыгерлер жайында Токмок шаарына келип, ал жерде жайгашкан окуу жайдын имаратында 3 күн бою тургундарды текшерүүдөн өткөргөн. Ошондой эле, «Сүйүүгө көз караш» аттуу акция уюштурган.

Кытайлык көз дарыгери Жефри Чин Хунг Чунун айтымында, алар Кыргызстанда аталган акцияны алгачкы жолу өткөрүштү.

«Биздин долбоорубуз көп жылга ылайыкталган. Ал бул жылы өтүп, токтоп калбайт. Көз айнектерди алып келүүдө Гонконгдун белгилүү ырчыларынын бири демөөрчүлүк кылып, жардам берди. Биз ага ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди ал.

Кытайлык дарыгерлердин текшерүүсүнөн 500дөн ашык тургун өттү. Алардын ичинде «Бейкут» балдар үйүнүн тарбиялануучулары да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×