Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Орловкада электр жарыгы жана суусу жок отурган балдар үйүндѳгү маселе чечилди

Turmush -  Орловка шаардык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү бийликтин ѳкүлдѳрү электр жарыгы жана суусу жок отурган балдар үйүндѳгү маселени ыкчам карап, чечип беришти.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, балдар үйүнүн электр жарыгына болгон карызын төлөп, учурда тарбиялануучулар электр энергиясы менен камсыз болушту.

Окуя тууралуу:

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы балдар үйү электр жарыгы жана суусу жок калганын аймактык кабарчыга активист Аделя Максаталиева билдирген.

Анын айтымында, балдар үйү коммерциялык баа менен электр жарыгына акча тѳлѳгѳндүктѳн 10 миң сом карызды бере албай, электр жарыгын ѳчүрүп коюшкан.

«Бул жеке менчик балдар үйү. Ошол себептен эч жерден каржыланбайт. Бизге окшогон кайрымдуу активисттер ар кайсы демѳѳрчүлѳрдү алып барып, азык-түлүгүн сатып беребиз. Директору Гүлнара Керимбаева да күн сайын демѳѳрчүлѳрдү издеп келет. Бул балдар үйү ѳзүн-ѳзү эптеп каржылап жүрѳт. Учурда балдар электр жарыгы жана суусу жок отурушат. Жакында эле балдар үйүнѳ нан бышырган цех ачышкан. Анда 100 блок кара нан, 200 блок ак нан жасалып, жергиликтүү тургундарга сатуу менен каражат табышат. Бирок балдар үйү экенине карабай электр энергиясына эч кандай жеңилдиктер берилген жок. Коммерциялык ишкана катары электр жарыгына акы тѳлѳшѳт. Ошол себептен акчаларын убагында бере албай, учурда карыз 10 миң сомго чыгып кетти», - деди ал.

Бул маселе тууралуу балдар үйүнүн жетекчилиги тиешелүү кызматтарга 2013-2014-жылдан бери кат жазып, кайрылып келет. Бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыккан эмес.

«18 жаштан ашкан балдар чоң окуу жайга өтүп, ѳзүнчѳ батирге чыгып кетишкен. Бирок алар ошол бойдон кетип калбастан ар кайсы жерде иштеп, балдар үйүнѳ жардам берип турушат. Биз элден азык-түлүк жагынан жана электр жарыгынын карызын тѳлѳөгө жардам сурайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 414
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×