Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Токмокто кары адамдарга белектер таратылды (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарында Эл аралык карылар күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Гендердик борборунун жетекчиси билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарынын мэри, аталган борбордун, Эркин экономикалык аймактын жетекчилери жана Канададан келген ыктыярчы Жон Райт биргелешип, кары адамдарга сый тамак уюштурушту.

«Биз Токмоктогу кафелердин биринде карыяларга сый тамак уюштурдук. Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев куттуктоосун айтты. Ошондой эле, келген конокторубузга белектерибизди тараттык. Түштѳнүү учурунда ыр-бий коштолгон концерттик программа көрсөтүлдү», - деди аталган борбордун жетекчиси.

Токмок шаары боюнча 60 жаштан жогору 140 тургун бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 339
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×