Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Орловкадагы балдар үйүндөгүлөр электр жарыгы жана суусу жок отурушат, - активист

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы балдар үйү электр жарыгы жана суусу жок отурушат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга активист Аделя Максаталиева билдирди.

Анын айтымында, балдар үйү коммерциялык баа менен электр жарыгына акча тѳлѳгѳндүктѳн 10 миң сом карызды бере албай, электр жарыгын ѳчүрүп коюшкан.

«Бул жеке менчик балдар үйү. Ошол себептен эч жерден каржыланбайт. Бизге окшогон кайрымдуу активисттер ар кайсы демѳѳрчүлѳрдү алып барып, азык-түлүгүн сатып беребиз. Директору Гулнара Керимбаева да күн сайын демѳѳрчүлѳрдү издеп келет. Бул балдар үйү ѳзүн-ѳзү эптеп каржылап жүрѳт. Учурда балдар электр жарыгы жана суусу жок отурушат. Жакында эле балдар үйүнѳ нан бышырган цех ачышкан. Анда 100 блок кара нан, 200 блок ак нан жасалып, жергиликтүү тургундарга сатып, каражат табышат. Бирок балдар үйү экенине карабай электр энергиясына эч кандай жеңилдиктер берилген жок. Коммерциялык ишкана катары электр жарыгына тѳлѳшѳт. Ошол себептен акчаларын убагында бере албай учурда карызы 10 миң сомго чыгып кетти», - деди ал.

Бул маселе тууралуу балдар үйүнүн жетекчилиги тиешелүү кызматтарга 2013-2014-жылдан бери кат жазып, кайрылып келет. Бирок ушул күнгө чейин майнап чыккан эмес.

«18 жаштан ашкан балдар чоң окуу жайга тапшырып, ѳзүнчѳ батирге чыгып кетишкен. Бирок алар ошол бойдон кетип калбастан ар кайсы жерде иштеп, балдар үйүнѳ жардам берип турушат. Биз элден азык-түлүк жагынан жардам жана электр жарыгынын карызын тѳлѳшүп коюларын суранабыз», - деди ал.

Учурда балдар үйүндѳ 40тай ѳспүрүм тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 341
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×