Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Фрунзе айылындагы заводдон чыккан кара түтүн экологияны бузуп жатат, - тургундар (фото, видео)

Turmush -  Чүйдөгү Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы жеке заводдон чыккан кара түтүн айылды каптап, экологияны бузуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Сокулук райондук экотехинспекциянын жетекчиси Сейдахмат Артыкбаев заводдун ишмердүүлүгү июнь айынан баштап жаңы талап менен карала турганын айткан. Ал мезгилден бери кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу маалыматыбыз жок. Учурда заводдон чыккан кара түтүн бүт айылды каптап, экологияны бузуп жатат», - дешти алар.

Буга чейин Сейдахмат Артыкбаев Фрунзе айылындагы заводдун ишин июнь айынан баштап Мамэкотехинспекциянын райондогу бөлүмү жаңы талап менен көзөмөлгө ала турганын билдирген болчу. Анын айтымында, айылдагы завод СССР учурунан берки мешти колдонуп келет.  

Фрунзе айылындагы завод

«Завод Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгы менен 5 жылга келишим түзүп алыптыр. Биз былтыр айып пул салганбыз. Бирок укуктук жактан келишимдин негизинде айып пулду төлөтө алган эмеспиз. Ушул жылдын июнь айында ал келишимдин мөөнөтү соңуна чыгат. Ошондо жаңы талап менен аларга көзөмөл жүргүзөбүз», - деди ал.

Аталган завод Сокулук районундагы эң чоң заводдордун бири. Ал акыркы жылдары өндүрүштүн көлөмүн кескин азайтып, 2016-жылы 54,8%га чейин төмөндөгөнү маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 591
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×