Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Токмоктук уста М.Койчалиев аз камсыз үй-бүлөлөрдүн үйүн арзан жасалгалап берет (фото)

Turmush -  Чүйдөгү Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну Муканбет Койчалиев 10 жылдан бери устачылык менен алектенип, турак үйлөрдүн ичин жасалгалоо менен алек. Аймактык кабарчы анын өнөрү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн үйүн арзан баада жасалгалап берет.

«10 жыл ичинде көптөгөн мыкты усталар менен иштештим. Учурда усталарга тиешелүү бардык иштерди жасайм. Ар бир ишти сапаттуу жасоо жана кардарлардын купулуна толуу негизги талаптарымдын бири. Жасаган ишим оордугуна жараша бааланат. Орточо эсеп менен 1 чарчы метрди жасоо 350-400 сом болот. Айрым учурларда колунда жок же аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жардам сураса, жумушту алардын берген акчасына эле жасап берем. Келечекте балдарыма татыктуу тарбия берип, аларга жакшы шарттарды түзүп берсем деген тилегим бар», - деди ал.

М.Койчалиев Нарындагы Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган. Учурда ал жубайы Элиза менен 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 632
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×