Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кантта «Кыз-жигит» сармерден оюну уюштурулду (фото)

Turmush -  Кант шаарында Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыз-жигит» сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тил боюнча адис Гүлай Шаилдабекова билдирди.

«Кант шаарынын мэриясынын демилгеси менен мамлекеттик тил майрамына карата сармерден оюну өткөрүлдү. Кант шаарындагы 4 мектеп менен 5 бала бакчалардын арасында таймаш болуп, кыргыз элинин салтын улай ыр-бийлер көрсөтүлүп, табышмактар, жаңылмачтар айтылды. Ошондой эле, комуздун коштоосунда күүлөр чертилди. Сармерден оюну эң жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Мындан ары дагы кыргыз тилин өнүктүрүү максатында сармерден оюну болуп турмай болду», - деди ал.

Оюндун жыйынтыгында, эки тарап тең чыгып, белектер, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 503
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×