Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кантта 33 жаштагы киши тааныш аялды өлтүрүп, өрттөп кетти

Turmush -  Ысык-Ата районунун милиция кызматкерлери тааныш аялды өлтүрүп, кылмышты жашыруу үчүн анын денесин өрттөп жиберген 33 жаштагы шектүү кишини кармашты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 17-сентябрь күнү Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери Кант шаарындагы ээн калган имараттан аялдын денесин таап, анын киши колдуу болгону аныкталган.

Аталган факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда каза болгон аял 1978-жылы туулган жергиликтүү тургун экени аныкталды. Анын жакындарынын айтымында, психикалык оору менен жабыркап келген.

Бул оор кылмышка шектелип Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган Б.И. кармалып, ал аталган кылмышты мойнуна алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул окуя август айынын аягында болгон. Б.И. менен каза болгон аял спирт ичимдигин бирге ичип, экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыккан. Аягында кылмышка шектүү киши аялды бир нече жолу чаап, муунткан. Андан кийин кылмышты жашыруу үчүн жансыз денени өрттөгөн.

Учурда кылмышка шектүү тергөө абакка камакка алынып, тергөө амалдары улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×