Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Токмокто жол кырсыктан кѳз жумган 4 ѳспүрүмдүн жаркын элесине арналган футбол ѳткѳрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарындагы жаштардын демилгеси менен мындан 2 жыл мурун жол кырсыктан каза болгон 4 ѳспүрүмдүн жаркын элесине арналган футбол боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жаныбек уулу Бакай билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеште 6 тайпа беттешип, жеңүүчүлѳр байгелер менен бирге мактоо баракчаларын алышты.

«Биз менен чогуу ѳскѳн досторубуз — Ислам Шекербеков, Таалайбек уулу Эрлан, Данияр Эркинбаев, Дастан Сагынов мындан 2 жыл мурун жол кырсыктан кѳз жумушкан. Алардын жаркын элесине арнап 12 бала атайын ушул иш-чараны уюштурдук. Досторубузду эч качан унутпайбыз. Биз учурда студентпиз. Эгер алар азыр арабызда болсо ѳздѳрүнүн кыялындагы окуу жайлардан билим алышмак. Биз Токмок шаарындагы №7 орто мектепте чогуу окуганбыз» - деди ал.

Окуя тууралуу:

2015-жылы 27-сентябрда Токмок – Кызыл-Аскер унаа жолунда «Тойота Функарго» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, электр мамыга урунган. Анын кесепетинен 15 жаштагы Кайрат Абдыкалиев, 16 жаштагы Актан Сагынов жана 16 жаштагы Жакшылык Акматбеков ар кандай оор жаракат алып, Ислам Шекербеков, Дастан Сагынов жана Данияр Эркинбаев окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми, 2002-жылы тѳрѳлгѳн Таалайбек уулу Эрлан оор абалда ооруканага жеткирилип, эртеси бул дүйнѳ менен кош айтышкан.

Маркум Ислам Шекербеков 3 бир туугандын ортончусу болгон. Ал сабактан сырткары бокс менен машыкчу. Дастан Сагынов эгиздин түйгѳйү болчу. Сабактан сырткары футбол ойногонду жактырчу. Таалайбек уулу Эрлан 4 бир туугандын улуусу болгон. Сабактан сырткары футбол ойноп, райондук мелдештерге чейин катышып келген. Данияр Эркинбаев 3 бир туугандын экинчиси болгон. Ал эркин күрѳш менен машыгып, райондук, облустук мелдештерге чейин катышып, алдыңкы орундарды багындырган.

Кырсыктан кѳз жумган ѳспүрүмдѳр тирүү болгондо быйыл 17-18 жашка толмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 900
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×