Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: 21 жаштагы ырчы М.Руслановдун сахнадагы тушоосун Р.Абдыкадыровдун чыгармасы кескен (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 21 жаштагы тургуну Мадияр Русланов кичинекей кезинен бери ырдап келет. Ал эң алгач сахнага чыкканда өтө толкунданып, Рысбай Абдыкадыровдун «Кымбатым» аттуу чыгармасын аткарган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Токтогул районунун Ѳзгѳрүш айылындагы Ж.Чаргынов атындагы №5 орто мектебин аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшыргам. Учурда 4-курстун студентимин. Ырчылык ѳнѳргѳ бала кезден кызыгам. Бирок дитимди коюп, чыгармачылык менен 2 жылдан бери алектенип келе жатам.

Мага классика жанрындагы ырлар жагат. Ѳзүм да ушул классиканы кѳп ырдайм. Ошондой эле, аккордеон черткенди жакшы кѳрѳм.

Чыгармачылыкта эң эсте калган учур — бул сахнага алгач чыккан күн. Чынында өтө толкундангам. Анда мен 2014-жылы «Х фактор» сынагына катышып, Рысбай Абдыкадыровдун «Кымбатым» деген ырын аткарып чыккам.

Келечекте буюрса кѳптѳгѳн фестивалдарга катышайын деп турам. Ошондой эле, элдин уулу болуп, жакшы ырларды жазып, аларга жакшы клиптерди тарттырсам деген аруу тилектерим бар», - деди ал.

Жаш талант Токтогул районунун Ѳзгѳрүш айылында 1996-жылы 19-ноябрда тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 547
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×