Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

«Мекендештер»: Африкада тиш догдур болуп иштеген 25 жаштагы Орозбектин жашоосу (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну Ниязали уулу Орозбек. Ал учурда Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарында тиш догдур болуп эмгектенүүдө.

Орозбектин айтымында, ал Койташ айылындагы медресени аяктаган соң Кара-Балта шаарындагы медициналык колледждин стоматология факультетин окуп бүтүргөн.

«Бир тууган эжемдин достору Аддис-Абеба шаарында эле. Алар жумуш бар экенин айтып, мени чакырышты. Алгач келгенде алар мага жардам беришти. Мен араб тилинде эркин сүйлөйм, ал эми башында англис тилинен бир аз кыйналдым. Жергиликтүү эл амхар тилинде сүйлөшөт. Араб тилине окшош болгондуктан бат эле өздөштүрүп кеттим. Жаңы келгенде бул өлкө цивилизациядан артта калган деп ойлогом. Бул мамлекетте байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма дароо билинип турат. Борбордогулар жакшы жашашат экен», - деди ал.

Орозбек Don-dental clinic стоматологиялык борборунда иштеп, андан сырткары англис тил боюнча курстарда билим алат.

«Бизди кытайлар менен айырмалай алышпайт. Ошондуктан мени менен кытай тилинде саламдашып калышат. Бирок мен Кыргызстандан экенимди айтам. Эфиопиядагы кыргыздар майрамдарда жана бош убактыбызда чогулуп турабыз, футбол ойнойбуз. Кыргызстанды жана үйүмдү сагынганым эле болбосо иштеген ишим өзүмө жагат. Аддис-Абеба Эфиопиянын борбору болуп саналат, жергиликтүү калк меймандос келет, мечитке бара жатканда эч ким тийишпейт. Улуттук тамагы — инжара. Таң калыштуусу Эфиопиядан башка өлкөгө акча сала албайсың, акча сыртка чыкпайт, банк аркылуу которуу жок. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнө кете турган тааныштар аркылуу үйгө каражат салып жиберебиз. Мен иштеген клиника тамак-ашыбызды жана жашаган жерибиздин ижарасын төлөп берет. Үйдө тамак жасап, үй жыйнап, кийимдерибизди жууп берген атайын кызматкер бар. Ага клиника маяна төлөйт. Эртең менен саат 08:00дө жумушубузга алып барып, кечки саат 18:00дө үйгө жеткирип коюшат. Бардык шарт болсо дагы үйдү сагынып кеткибиз келет. Кыргызстандын таза абасын, таза суусун, эң башкысы бир туугандарымды сагынам», - деди Ниязали уулу Орозбек.

Ал Европа өлкөлөрүндө билим алууну улантууну пландап жатат. Мекендешибиз алты бир туугандын бешинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9067
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×