Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк Б.Убулкасымов 1 тонна мөмө-жемишти 1 күндө кургаткан аппарат ойлоп таап, аны 260 миң сомго баалады

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 44 жаштагы тургуну Бахтияр Убулкасымов 1 күндѳ 1 тонна жемишти кургата алуучу 260 миң сомдук аппарат жасады. Аймактык кабарчы токмоктук жеке ишкер менен таанышты.

«2013-жылы Ош тарапка досторума барганда мөмө-жемиштер мол түшүм берип, бирок сатканга же кургатканга жетишпей, көп мөмө-жемиштер жерге түшүп, чирип кеткенин кѳрдүм. Ошондон улам бул идея пайда болду. Негизинен ишкер үчүн убакыт эң кымбат жана маанилүү. Буга чейин жана азыркы күндө деле дыйкандар мөмө-жемиштерин 12-15 күндүн ичинде терип жетишип калбаса, бышып жетилгендери эзилип кеткенин кѳп кѳрүп жүрсѳңүз керек. Бул кургатуучу үкөк дал ушундай кырдаалдан дыйкандарды сактап калууга жардам берет. 1 тонна алманы 1 суткада, кара өрүктү 2, өрүктү 1,5 суткада кургатат. Пияз, калемпир, баклажан, сабиз сыяктуу жер-жемиштерди дагы өзүнүн технологиясы менен кургатабыз.

Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине 2 жылдан өтүп калды. Бизге 182 млн сомдук дүң базар ачылды. Бирок бул чоң базарга чыгуу үчүн биздин өндүргөн продукциябыз эл аралык стандарттарга жооп берүүсү керек. Биз муну да эске алдык. Бул үкөктө кургатылган продукция ХАССП жана ИСО системаларына толугу менен жооп берет. Айтайын дегеним илгеркидей чатырларда, талааларда чаңга калып, кургатылган продукция азыркы күндө өтпөйт», - деди ал.

Жеке ишкер кургатуучу үкөктүн бүгүнкү күндөгү баасы 260 миң сомду түзгѳнүн айтты.

«Бул баанын ичинде кардардын айткан жерине орнотуп жана иштетип берүү кызматы дагы кирет. Эгер мѳмѳ-жемиши кѳп дыйкандар ушундай жасатабыз десе, биз менен кабарлашса болот. Буга алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, жүзүм жана башка мѳмѳ-жемиштерди жана жер-жемиштерден пияз, сабиз, баклажан, калемпир, картошка, помидор, укроп, петрушка, күн карама, ашкабактын данын жана башкаларды кургатууга болот», - деди ал.

Бахтияр Убулкасымов 2013-жылы ойлонгон идеясын 2014-жылы ишке ашырган.

«Кургатуучу үкөктү 2014-жылы жасап баштап, ошол эле жылы Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Оштун Ноокат, Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондорунун дыйкандарына саттык. Бүгүнкү күндө алар өз аймактарында ийгиликтүү иштеп жатышат. Келечекте максаттарыбыз өтө чоң. Бир жыл мурда Токмок шаарындагы Жаш ишкерлер ассоциациясына мүчө болуп киргем, ушул ассоциациянын дирекция менен биргеликте "Кыргызстан кургатылган мөмө-жемиштердин экспорттоочусу" деген аталышта жакшы долбоор жаздык. Долбоордун максаты — өлкөнүн бардык аймагына биздин жасаган кургатуучу үкөктү орнотуп, эл аралык стандарттарга жооп берген кургатылган мөмө-жемиштерди экспортко чыгаруу. Азыркы убакта долбоорду Экономика министрлигине, эл аралык донорлорго сунуштап каражат издеп жатабыз», - деди ал.

Жеке ишкер Чүй районуна караштуу Жаңы-Чек айылында 1973-жылы төрөлгөн.

«КУУдан бухгалтер-аудитор кесибин алгам. Бир топ жерлерде эмгектенгем. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыз, бир уулдун атасымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1417
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×