Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 27.09.2017 10:43

Сокулукта мугалимдер арасында өткөн «Кыз-жигит» сармерден оюунунун жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыз-жигит» сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Давха-Сокулук орто мектебинде мугалимдер жамааты тарабынан Мамлекеттик тил майрамына карата "Кыз-жигит" сармерден оюну өткөрүлдү. Салтанатты кыргыз тил мугалимдери Молдогазиева Мукадас жана Жусупова Чынара ачып, иш-чарага мектептин жамааты күбө болушту. Кыргыз элинин салтын улай ыр-күүлөр, дастандар, макал-лакаптар, обондуу ырлар аткарылды. Сармерден оюну эң жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Мындан ары да кыргыз тилин өнүктүрүү максатында сармерден оюнун өткөрүү “Эне жана бала” борборунун ага тарбиячысы Мекешова Айнурага тапшырылды», - деп билдиришти мугалимдер.

Сармерден оюнунун жыйынтыгында, мугалим аялдардан куралган тайпа баш байгени жеңип алды.

Аталган мектепте жалпы 36 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×