Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

А.Атамбаев Токмоктогу милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-сентябрда Токмок шаарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземде өлкө башчысы милиция кызматкерлерин куттуктап, укук коргоочулардын бул жакшылыгын тең бөлүшүп жатканына кубанычта экендигин билдирди. А.Атамбаевдин айтымында, 7 жылдын аралыгында күч түзүмдөрүнө, милиция кызматкерлерине болгон мамиле түп тамырынан өзгөрдү. Өлкөдө милиция, аскер, чек ара кызматкерлерине, куткаруучуларга үйлөр курулуп жатат жана мындай иштер улантылат. Ал укук коргоочуларга мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй, керек болсо кийип жүргөн формасынан уялган күндөрү болгондугун белгиледи. Президент аталган жыл аралыгында алардын айлык маянасы жогорулап, турак жай маселеси чечилип, үйлөр курулуп, социалдык колдоо көрсөтүү маселели чечилгенин да айтты. Ошондой эле, ал мамлекет милиция кызматкерлерине кам көрүшү керектигин баса белгилеп, өлкөнүн жаңы жетекчилиги укук коргоочуларды үй менен камсыз кылууну улантат деген үмүтүн кошумчалады. Өлкө башчы өз сөзүндө, Кыргызстан — өлкөнүн акчасын байларга короткон олигархтардын эмес, жөнөкөй элге кам көргөн мамлекет экендигин белгиледи.

«Кыргызстан — бул эл өз жолун, өз жашоосун тандаган көз карандысыз мамлекет», - деди ал.

А.Атамбаев сөзүнүн аягында көп батирлүү үйдүн алдына балдар аянчасын куруу үчүн сертификат тапшырды.

Акыркы эки жылдын аралыгында өлкөдө милиция жана аскер кызматкерлерине 1 миң 852 батирди камтыган 59 объект курулду. Учурда 1 миң 741 батирди камтыган 40 объекттин курулуш иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×