Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.09.2017 15:12

Ысык-Атада 3 айыл ѳкмѳттүн таланттуу тургундарынын арасында кароо-сынак өттү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет, Юрьевка жана Сын-Таш айыл аймактарында жашаган таланттуу тургундардын арасында кароо-сынак болуп ѳттү. Аталган сынак Мамлекеттик тил күнүнѳ карата ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кароо-сынакка айыл ѳкмѳт кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана айылдагы чыгармачыл, таланттуу тургундар катышты. Алар сынактагы саламдашуу, элдик ырлар, кыргыздын каада-салтын кѳрсѳтүү, вокал, улуттук кийимдердин парады, макал-лакап айтышы, жаңылмач айтуу, кѳркѳм окуу тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында Нурманбет айыл ѳкмѳтү 1-орунду, Юрьевка айыл ѳкмѳтү 2-орунду, Сын-Таш айыл ѳкмѳтү 3-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр ардак баракчалар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×