Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кеминде мурда соттолгон кишилер мал уурдоого шектелип кармалышты

Turmush -  Чүйдө «Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө мал уурдоого шектелгендер кармалышты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 19-июнунда Кемин РИИБге 28 жаштагы O.A. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 18-июнда болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар Боралдай айылында жайгашкан сарайынан бир баш бодо малын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кемин районунун милиция кызматкерлери «Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө мал уурдоого шектүү делген Кемин районунун 41 жаштагы Э.Т. жана мурда сот жообуна тартылган Ш.К. аттуу тургундар кармалган.

Ошондой эле, 2017-жылдын 5-март күнү Чүй РИИБге Прогресс айылынын 50 жаштагы А.Ж. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 4-марттан 5-мартка караган түнү сарайынан беш баш малын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 27 жаштагы Р.М. жана 39 жаштагы К.У. аттуу жергиликтүү тургундар кармалышкан.

Ушул жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Чүй айылынын 66 жаштагы А.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, сарайынан музоосу уурдалганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делген 40 жаштагы А.М. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан «Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө 35 жаштагы Ч.Д. жана 28 жаштагы Ж.Н. кармалып, Суусамыр жайлоосундагы бир нече уурулук фактыларына тиешеси бардыгы аныкталды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×