Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Жайыл районунда унаа уурдоого шектелген 28 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Чүйдүн Жайыл районунан автоунаа уурдоого шектелген жигит кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Жайыл РИИБге Белек айылынын К.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, ушул жылдын 16-сентябрында болжол менен саат 06:00 чамасында үйүндө токтоп турган «Митсубиси Галант» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөө айдап качып кеткендигин билдирген.

Милицияга түшкөн арыздан көп өтпөй уурдалган унаа Сокулук айылынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан турак үйдүн короосунун дубалын сүзүп, шектүү окуя болгон жерге автоунааны таштап кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында унаа уурдоого тиешеси бар делген Шопоков шаарынын 28 жаштагы М.Б. аттуу жашоочусу кармалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×