Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Жаш талант: 14 жаштагы дзюдочу Э.Субанбеков 3 жыл ичинде 31 медалдын ээси болду (видео, фото)

Turmush -  Чүй районунун Кегети айылынын 14 жаштагы тургуну Эдилбек Субанбеков 5 жылдан бери дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Анын ийгиликтери тууралуу аймактык кабарчыга атасы Замирбек Абдралиев айтып берди.

«Уулум дзюдо менен 4-класстан 7-класска чейин Кегети айылындагы спорт залда машыктыруучу Нурбек Дөлөтбековдун колунда машыкты. Учурда Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы спорт-интернатта 8-класста окуп жатат. Жубайым экөөбүздүн 4 балабыз бар. Эдилбек үйдүн улуусу. Аны жубайым 18 жашында 7 айлык кылып төрөгөн. Буга карабастан уулубуз чыйрак жана тың болуп чоңойду. Бала кезинде эле "мен да Эмил байкемдей балбан болом" дечү. Эмил деген иним дзюдо менен машыгып, спорттун чебери болгон. Уулум 4-класста окуп жатканда иним аны аталган машыктыруучуга дайындап, спортко алып келди», - деди ал.

Жаш спортчу 5 жылдын аралыгында көптөгөн ийгиликтерди багындырды.

«Уулум менен абдан сыймыктанабыз. Ал спортто бир топ ийгиликтерди камсыз кылды. 2015-жылы Ысык-Көл облусундагы Бакачы ата кубогунда самбо боюнча 26 кг салмак даражадагылар арасында күч сынашып, 1-орунду алса, быйыл Бишкекте Мекен коргоочулар күнүнө карата өткөн дзюдо боюнча таймашта 38 кг салмак даражасында 1-орунга ээ болду. 2017-жылы борбор калаанын биринчилигинде жана 7-апрель элдик революциясынын баатырларынын элесине арналган эл аралык тунирде алтын медаль тагынды. Ошондой эле, Ысык-Ата районунда өткөн республикалык мелдеште жана Курман айт майрамында уюштурулган кыргыз күрөш боюнча беттеште да 1-орунду багындырды. Мындан тышкары, 2-3-орундарды да алып жатат. Эдилбектин жалпы ар кандай даражадагы 31 медалы бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×