Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Кеминдик жаш акын Ырыскүл сезимдерин ырлар аркылуу билдирет (фото)

Turmush -  Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылынын 18 жаштагы тургуну Эсенкан кызы Ырыскүл чыгармачылык менен алектенип, кичинекей кезинен бери ыр жазып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1999-жылы 20-июнда Жаңы-Алыш айылында төрөлгөм. Азыркы учурда ушул айылдагы Токтоболот Абдымомунов атындагы мектепте 11-класста окуйм. Мен келечекте элимдин керегине жараган мыкты юрист болгум келет. Дайыма элиме ак кызмат кылсам дейм.

Кээде эргүү келгенде ыр жаза коюп жүрөм. Ыр жазуу мага апамдан өтсө керек. Апам да жаш кезинде ыр жазып, акын болгусу келчү экен. Ал азыр менин жазган ырларымды окуп абдан кубанат. Жан дүйнөмдө болгон кубаныч, кайгы, таң калуу, сүйүнүү деги эле мендеги сезимдеримди ыр аркылуу бергенге аракет кылам. Муну менен эле токтоп калгым келбейт. Талантымды дагы өркүндөтүп, мыкты акын-жазуучулар менен жолуксам экен деп тилек кылам. Ыр жазуудан тышкары спортко кызыгам жана бош убакта китеп окуйм. Өзгөчө Ч.Айтматовдун чыгармаларын баалап, жакшы көрөм. Айтматовго арнап ыр да жазгам», - деди ал.

Чыңгыз атага

Дүйнөнү дүңгүрөткөн,
Талбаган тулпар элең.
Кыргызды алып учкан,
Шамшыган шумкар элен.
Чыңгыздын чыгармасын окубаган адам барбы?
Бир гана кыргыз эмес, тааныды дүйнө баары.
Жашайсың Чыңгыз ата, окурмандын жүрөгүндө,
Унутпайт урпактарың, жашайсың кылымдарга.

Бир китептен бир баян

Текчеде турган эски бир китепти,
Колума алып, аны барактадым.
Ичинде эң кызыктуу окуялар,
Билбепмин күндүн батып баратканын.

Чаң баскан текчедеги китеп мага,
Эң жакын курдашымдай болуп калды.
Султан менен Мырзагүлдүн махабатын,
Чыңгыз ата кооздоп кантип жазды?

Кан күйгөн, кандуу согуш жылдарында,
Айрылган жандай көргөн балдарынан.
Толгонай апа менен кошо ыйладым,
Бул түнү китеп менен бирге уктадым.

Таң атты мен китепти барактадым,
Ильяс Асель менен үйлөнгөндө,
Данияр Жамийлага ырдаганда,
Кудуңдап мен ичимден бир кубандым.

Апама

Апакебай сөздүн гүлүн тандаймын,
Өзүңө арнап, жакшы ыр жаза албаймын.
Асмандагы айды, түндү кошсом да,
Ырларымдын көркү чыкпай, көпкө убара тартамын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×