Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Жаш талант: Дзюдо менен машыккан 12 жаштагы А.Канатбеков 6 жылда 60 медаль тагынды (фото)

Turmush -  Чүй районунун Кегети айылынын 12 жаштагы тургуну Аслан Канатбеков 6 жылдан бери дзюдо менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

«Атам 4-5 жашыңда эле спортко кызыкчусуң деп айтып калат. 1-класстан тарта атайын спорт залга бара баштадым. Ошол мезгилден бери 6 жыл өттү. Бул жыл аралыгында көптөгөн эл аралык жана республикалык деңгээлдеги 40тай мелдешке катышып, байгелүү орундарды алдым. Ар кандай даражадагы жалпы 60 медалым бар.

Учурда Кегети айылындагы Өмүралы Исаев атындагы орто мектепте 6-класста окуйм. Спорт жаман адаттарга үйрөтпөйт. Тескерисинче, ал улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого үндөйт. Ошондуктан, айылдагы улууларды сыйлоону үйрөндүм. Бирок кимдир бирөө тийишсе, тиешелүү жообун берем. Бир тууган байкелерим да спорт менен машыгат. Келечекте олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болгум келет», - деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×