Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Москва районунда өрттөнгөн сарайдан 30 чочко куткарылып, бирөө күйүп кетти

Turmush -  Чүйдүн Москва районундагы Садовое айылында өрт чыккан сарайдын ичинен 30 баш чочкону сактап калышты. Адамдар жабыркаган жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Өрт Энгельс көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу сарайда чыгып, 1-кабаттын 80 чарчы метр аянты, 2-кабатта 250 түк чөп, бир баш чочко күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 30 баш чочко сакталып калды.

Электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелердин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 244
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×