Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: 19 жаштагы З.Абылбекова «Кыргызстан сулуусу» сынагынын финалына даярданып жатат (фото)

Turmush -  Жайыл районунун Кожомкул айылынын 19 жаштагы тургуну Зарина Абылбекова «Кыргызстан сулуусу» сынагынын финалына өтүп, ага даярдык көрүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал буга чейин республикалык деңгээлде өткөн «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагына да катышкан.

«Апам мени 10 айлык болуп төрөлгөнсүң деп айтат. Бала кезимде абдан тектек болуптурмун. Тилим чыкканда өзүмө башка ат коюп, элдерге ошол ысымды айтчу экенмин. Алгач Кара-Балта шаарындагы гимназияда окуп, кийин 2005-жылы Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы мектепке которулдум. Ар дайым иш-чараларга активдүү катышып, мектептин алдыңкы окуучуларынын катарын толуктадым. Ошондой эле, республикалык деңгээлде өткөн "Манас" эпосунан үзүндү айтуу сынагына да катышкам. Муну эң чоң жетишкендигим катары баалайм.

Мектепте 5 курбу кыз чогуу жүрчүбүз. Бардыгыбыз жакшы окуп, абдан активдүү жана жоопкерчиликтүү болчубуз. Баскетбол, волейбол, теннис боюнча мектептин курама командасында ойночубуз. Айтор, бардык иш-чараларга жетишүүгө аракеттенчүбүз. 9-классты артыкчылык күбөлүк менен бүтүрүп, борбордогу колледждердин биринде окуп баштадым. Ал жакта да жакшы окуп, тайпанын башчысы болдум. Окуудан тышкары чач тарач, тырмак жасалгалоо, макияж, кирпик чаптоо боюнча да курстарды окудум», - деди ал.

Заринанын айтымында, сулуулар сынагына курбусунун сунушу менен катышкан.

«Мага кытай элинин каада-салты жагат. Жакында эле Кытайга барып келдим. Ар кандай кечелерге катышып, кытай бийин бийлеп, сертификаттарды да алдым. Ошондой эле, билимимди Кытайдан улантууну пландап жатам. Ал эми, "Кыргызстан сулуусу" сынагына курбумдун сунушу менен катыштым. Сынактын жарым финалына өтүп, учурда финалга даярданып жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2169
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×