Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.43    84.87    1.23    KZT 0.21
Чүй

Чүйлүк окуучулар Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара уюштурушту (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Чүй районуна караштуу Сооронбай уулу Дур атындагы Сайлык орто мектебинде маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектептин директору Бектурова Ракыя билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага мугалимдер жана окуучулар катышып, тилди даңазалаган көркөм окуу, патриоттук чыгармалар аткарылды.

«Кыргыз тилинин 28 жылдыгына карата 3 ай бою мектепте макал айтуу, дил баян, сүрөт тартуу, көркөм окуу, улуттук каада-салттар боюнча жумалыктар өткөрүлөт», - деди мектеп директору Р.Бектурова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1732
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×