Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.09.2017 13:53

Ысык-Атанын Чоң-Далы айылындагы мектепте мугалимдер бирдей форма кийишет (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылынын К.Маликов атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары бирдей форма кийишет. Бул тууралуу аталган мектептин директору Чинара Бейшеналиева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин мектеп 1980-жылы салынып, 1981-жылы ишке киргизилген. Мектепте ар кандай ийримдер бар. Мисалы, "Чебер колдор", "Спорт" аттуу ийримдер ѳз жемишин берип келе жатат. Чакан мектеп болгондуктан ар бир класста 15-18 окуучу билим алышат. Быйыл 11-классты 8 эле окуучу бүтүрдү. Республикалык тестирлөөдөн жакшы упай топтогон 7 бутүрүүчүбүз жогорку окуу жайларга ѳтүштү.

Мектепке бирдиктүү форма киргизилген. Мугалимдер да, окуучулар да бирдей форма кийишет. Мектепте компьютерлер интернети менен бар. Айрым класстарда мугалимдер компьютер менен иштешет. Ата-энелердин жардамы менен сыналгы алынган. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эки сыналгы берилди. Аны да сабактарда колдонууну кѳздѳп жатабыз», - деди ал.

Аталган мектепте жалпы 19 мугалим эмгектенсе, 200 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×