Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: 38 жаштагы З.Нарматов кышкы салаттарды жасап, 1 литрин 150 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 38 жаштагы тургуну Закир Нарматов 3 жылдан бери кышкы салаттарды жасап, анын бир литрин 150 сомдон сатат. Ал бир айда миң банка салат жапканга үлгүрѳт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен бул иш менен 3 жылдан бери алектенем. Жасаган салаттарым экологиялык жактан таза жана жакшы сакталат. Ѳзүмдүн үй-бүлѳм үчүн кышкыга деп 300 банка салат жасап даярдап коебуз. Керектелүүчү жашылчаларды жергиликтүү базарлардан, кээде дыйкандардан сатып алабыз.

Бир литр салат 150 сомдон ѳйдѳ сатылат. Кышкы салаттын бардык түрүн жасайбыз. Биздин салатты жылда алгандар, алдын ала буйрутмаларын берип коюшат. Бир айда миң банка салат жасайбыз. Кээде мындан да кѳп болот», - деди ал.

Закир Нарматов Казакстандын Шымкент шаарында 1979-жылы жарык дүйнѳгѳ келген. Ал үй-бүлѳсү менен 1993-жылы Кыргызстанга кѳчүп келген. Учурда Закир байкенин 3 баласы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5533
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×