Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Чүй

Айыл турмушу: 23 жаштагы Ш.Иманакунов 15 ырдын сѳзүн жазып, обонун чыгарды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 23 жаштагы тургуну Шерзат Иманакунов ырчылыкка бала кезинен кызыгып келет. Ал учурда 15ке жакын ырдын сѳзүн жазып, обонун чыгарды. Аймактык кабарчы ырчы менен таанышты.

«Мен чыгармачылыкка кичинекей кезимден бери кызыгам. Музыкалык окуу жайда окусам деп тилек кылчумун. Кудайым буйруп, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде 5-курста окуп жатам. Гитара менен ырдаганды абдан жакшы кѳрѳм. Ошол эле маалда ырдын сѳзүн жана обонун чыгарып жүрѳм. Учурда ѳзүмѳ таандык 15 ырым бар. Бирок аларды аранжировкага салып, ырдап чыга элекмин. Кээде гана үналгылардан жандуу үн менен ырдап калам. Үнүмдү кѳптѳр жакшы деп баалашат. 1-курсумда агайыбыз сынакка бир ыр чыгарып, аны аранжировкалап келгиле деп тапшырма берди. Ошону менен сынактан ѳтмѳкпүз. Мен жаздырган ырыма флеш-карта табылбай, чыгармам музыка менен жаңырбай калган. Бирок жандуу ыр менен ырдап, сынактан ѳтүп кеткем. Келечекте коңшу мамлекеттерге таанылган, эл сыймыктанган ырчы болгум келет. Чыңгыз Турдубеков деген байкем чыгармачылыкта багыт берип, кеп-кеңештерин айтып турат», - деди ал.

Ш.Иманакунов 1994-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайкуу ѳрѳѳнүнүн Кан-Коргон айылында жарык дүйнѳгѳ келген.

«Үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Быйыл ырларымды жаздырып, клиптеримди тарттырсамбы деген максаттар бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1700
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×