Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: 62 жаштагы Б.Борукчиев 37 жылдан бери элдин ден соолугуна кам кѳрүп келет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 62 жаштагы тургуну Болот Борукчиев ардактуу эс алууга чыкса дагы айылдык ооруканада 37 жылдан бери эмгектенип келет. Дарыгер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1955-жылы 22-октябрда мурунку Фрунзе шаарында тѳрѳлгѳм. 1963-жылы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин босогосун аттап, аны 1973-жылы аяктагам. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1979-жылы бүтүргѳм. 1980-жылы Кара-Балта шаарындагы ооруканада эмгектенип, 1981-жылы Суусамыр айылындагы Суусамыр ооруканасына которулдум. Ошондон бери ушул ооруканада иштеп келе жатам», - деди ал.

Болот Борукчиев учурда Суусамыр ооруканасында дарыгер-терапевт болуп эмгектенет. Анын ата-энеси да бир учурда саламаттыкты сактоо тармагында иштешкен.

«Атам да, апам да Оштун Алай районунда, Чүйдүн Панфилов жана Жайыл районунда дарыгер болуп иштешкен. Атам дарыгер-терапевт, апам медайым болгон», - деди ал.

Болот Борукчиев 1991-жылы «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси жана райондук ардак грамоталар менен сыйланган.

«Быйыл 62 жашка толдум. 3 баланын атасымын. Байбичем мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 496
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×