Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Он Бир-Жылга айылында 2 млн сомдук ФАП курулду (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Он Бир-Жылга айылында ФАПтын 2 млн сомдук имараты курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл аймактын башчысы Ильичбек Сыдыков билдирди.

«Курулуш ушул жылдын 10-майында башталган. Кечээ, 19-сентябрда ачылышын жасадык. Ичи жалаң заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул ФАП 8 бѳлмѳдѳн турат. Кудай буюрса Он Бир-Жылга айылындагы элдин ден соолугу үчүн ФАП кѳптѳгѳн кызматтарды кылат деп ишенебиз», - деди ал.

2 млн сомдон ашык каражатка курулган ФАПтын 130 миң сому аталган айыл ѳкмѳттүн бюджетинен каржыланса, калган сумманы чет өлкөлүк кайрымдуулук фонд берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 372
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×