Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Баатыр баяны: Жумгалдан чыккан Качыке баатыр калмактарды кыргыз жеринен биротоло сүрүп чыгарууга салым кошкон

Turmush -  «Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кыр-жон барбы кыргыз буту баспаган» деп айтылып келгендей, байыркы кыргыз элинин тарыхы өтө терең. Манас, Барсбек кагандын доорунан кийин да кыргыздар миң сандаган жоо-душмандар менен салгылашып келген. Ар бир доордун элин сактаган өз баатырлары тарых барактарына өлбөс-өчпөс болуп жазылып, улут сыймыгына, эл баатырына айланып калышты. Мына ушундай улуттук, чоң баатырлардын бири – Түлкү уулу Качыке баатыр экени талашсыз. Бул инсандын тагдыры кыргыз-казакка 2 кылымдан ашуун коркунуч туудуруп, байма-бай баскынчылык кылып турган калмак-жунгарлардын дооруна туш келди.

IMG-20170903-WA0016-e1505529867355

Качыке баатырдын бешинчи атасы Кулжыгач бий болгон. Ал эми анын Сүтэмген, Итэмген аттуу эгиз балдары баатыр чыгып, калмак баскынчылыгынын мизин кайтарууга чоң салым кошуп, тарых барактарына өз ысымдарын алтын тамга менен жазып кетишкен. Итэмгенден – Айт. Айттан: Түлкү, Мурат, Жоруп. Түлкүдөн: Качыке, Кедей, Ажыбек, Шайыбек, Карагул, Көккөз тараган.

Качыке баатыр болжол менен 1730-жылдардын башында жарык дүйнөгө келген. Ал жаштайынан кыргыз элинин Эсенгул, Атаке, Бердике баштаган баатырлары менен бирге үзөңгүлөш жүрүп, калмак баскынчылыгына каршы согуштарда эрдик көрсөтүп, баатыр атка конгон. Тарых барактарында кыргыздар менен калмактардын ортосундагы кезектеги дагы бир чоң согуш 1748-1749-жылдарда болгондугу жазылган. Алгач Зайсан Доржи, кийин Лама Доржи башкарган жуңгар колу согушта жеңилип, көп аскеринен ажырагандыгы боюнча тарых барактарында маалымат бар. 1749-жылдары каарданган калмактар кыргыздарга каршы экинчи ирет 27 миң аскерин жибергендиги айтылат. Бул жортуул үч айга созулуп, кайрадан душмандардын жеңилүүсү менен аяктаган. Мына ушул согуштарга жаш баатыр Качыке өзүнүн атасы, атагы алыска, даңкы далайга кеткен Түлкү баатыр менен бирге катышып, кыргыздардын көптөгөн баатырларындай эле душмандын мизин кайтарууда көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, элдин оозуна алынган.

Мындан тышкары, Качыке баатыр калмак-жунгарлар 1758-жылдарга чейин кыргыздын көптөгөн белдүү баатырлары менен бирге калмактарды кыргыз жергесинен биротоло сүрүп чыгарууга да чоң салым кошкон.

Жумгалдын түндүк-батыш тарабында «Качыке баатырдын кара тоосу» деп аталган асман тиреген тоо бар. Эл оозунда, санжырада ал тоо Качыке баатырдын кароол чокусу болгондугу, адам оңой менен жете албаган бийик тоого баатыр жайкысын жайлап турганы айтылып келет. Качыке баатыр бийлик кызматты атасынан мурастап калып, узак жылдар бою кулжыгач элин (Жумгал, Суусамыр аймагы) башкарып келген. Качыке баатырдын 3 аялынан 13 уулу болгон. Ал 90 жаштан ашып, дүйнө салган. Сөөгү азыркы Байзак айылынан 2 чакырымдай алыс түндүк-батыш тарапка коюлган.

Атасы Түлкү баатыр болжол менен 18-кылымдын башында туулган. Жаштайынан кыргыз-калмак согуштарына активдүү катышып, көрсөткөн эрдиктеринен улам элдик баатыр аталган. Мындан тышкары, жаш чагында чоң атасы Итэмген баатырдын жолун жолдоп, жолборс чаап, кыргыздын жолборс чапкан саналуу баатырларынын катарын толуктаган. Узак жылдар бою саяк уруусунун башкы бийи болгон. Айтылуу Саанчы Сынчыга кыргыздан кыз сынатып, мыкты уулдарды төрөп бере турган 14 жаштардагы кызды алган.

1757-жылдары түндүк кыргыздарынын башкы бийи – Маматкул Түлкү баатырды (ошол кезде жашы болжол менен 55-60 жаштарда болгон ) Черикчи бий, Нышаа баатыр ж.б. менен бирге Пекинге, Цин империясына элчиликке жөнөткөн. Кыргыз-Кытайдын алгачкы саясий дипломатиялык мамилесин түптөөгө катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги Түлкү бийге 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган.

Баласы Эраалы баатыр – болжол менен 1795 -1800 жылдары туулган. Ал Качыке баатырдын 13 уулунун ичинен ата ордун баскан эң эле белгилүүсү, мыкты чыкмасы. Ал – жаштайынан эл жерди коргоодо оозго алынып, чоң атасын тартып Жумгал токоюнан жолборс чапкан. Бул тууралуу Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» деп аталган тарыхый романында кеңири баяндалган. Эраалы мындан тышкары карып калган атасы Качыкени ыза кылган Ниязбек уулу Ормон менен жаш кезинде жекеме-жекеге чыгып, аны аттан оодара сайып, Жумгалдагы Миң-Теке деген жерге орго 8 ай бою салдырганы менен да атагы алыска тараган. Кадимки Тайлак баатырдын Жумгалдагы ишенимдүү жигит башчысы катары да Тайлак баатыр башында турган бир катар салгылаштарга катышкан. Ал согуштардын бири Тогуз-Торо тарапта болгон. Ошол жерден Тайлак баатырдын колу Кокон кол башчысы Эдиге баатырды тосуп чыгып, Эраалы Тайлак баатырдын айтуусу менен Эдигени өлтүрө аткан. Ал тарыхый жер кийинки мезгилге чейин: «Эраалынын аткан жери, Эдигенин жаткан жери» деп аталып калган...

Небереси Түлөкө баатыр башы – Эраалынын баласы. Түлөкө жаштайынан көзгө көрүнүп, эл-жерди коргоп, атагы чыккан. Ал 1847-жылы казактардын ханы Кененсары, Ноорузбайлар кыргыз элине кол салышкан 400 колдон турган саяк ууруларынын кол башчыларынын бири катары жетектеп барып, душмандын мизин кайтарууга чоң салым кошкон. Кокон хандыгы менен да тыгыз кызматташып, «Баатыр башы» наамын алган.

Качыке баатырдын Түлөкөдөн башка да: Черикчи, Дыйканбай, Чойбек, Мырзабек, ж.б. урпактары да узак жылдар бою эл башкарышып, бий, болуш болушкан.

Бул маалымат «Качыке баатыр» китебинен алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×