Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Акыйкатчы 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелген кара-балталык эки өспүрүмдүн ишин көзөмөлгө алды

Turmush -  Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү Жайыл районундагы 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелип жаткан 2 өспүрүм тууралуу окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлчүлүк Жайыл райондук прокуратурага аталган окуя боюнча так маалымат алуу өтүнүчү менен кайрылуу жиберген.

«31-августта Жайыл РИИБге Р.М. аттуу тургун 2007-жылы жана 2004-жылы туулган балдарга чара колдонуу тууралуу арызы менен кайрылган.

Анын айтымында, ушул жылдын жай айларынын башында шаардын ээн жерлеринин биринде аталган балдар физикалык күч колдонуп, 2009-жылы туулган уулун зордуктап жүрүшкөн. Азыркы тапта бул окуя боюнча Жайыл РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалды», - деп айтылат Жайыл районунун прокурору М.Турдумаматованын мөөрү менен басылган жоопто.

Окуя тууралуу:

Кара-Балта шаарында эки өспүрүм 8 жаштагы баланы зордуктоого шектелүүдө. Жабырлануучунун тууганынын айтымында, 8 жаштагы баланын апасы уулунун жай айында эле бушайман болуп жүргөнүн сезген. Бул учурда баласынын маанайы жаман болуп, өзүн агрессивдүү алып жүргөн.

Апасы кийин анын геморрой менен ооруп жаткандыгын билип, ооруканага алып барган. Дарыгелер баланын энесине ич катып калган учурда дагы анын геморройу мындай болбошу керектигин айтышкан.

Эне уулунан эмне болуп жатканын сураган. Бирок баласы көп ынандыруудан кийин гана окуянын чоо-жайын айтып берген.

«Кошунанын 11 жана 13 жаштагы балдары алар менен «ата жана апа» деген оюнду ойношчу экен. Баланын айтымына караганда, бул оюнду жарым жылдан бери ойноп, эки өспүрүм ал тууралуу ата-энеңе айтпа деп коркутушкан», - деди тууганы.

Үй-бүлөнүн тууганынын билдиргенине караганда, бул окуяны уккан кошуналар ызы-чуу болуп, ал тургай эки өспүрүмдүн ата-энесин башка жерге көчүүнү талап кылышкан.

«Бирок көп өтпөй баары тынчыды. Бул окуяны шаарда дээрлик баардыгы билишет. Жардам сурап кимге кайрылуу керек? 8 жаштагы бала азыркы тапта ооруканада, катуу стресске кабылган. Тиешелүү медициналык экспертизалардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Зордуктоого шектелген өспүрүмдөрдүн биринин атасы прокуратурада иштей турганын эл айтып жатат. Ал эми, экинчи баланын атасы камактагы адам экен. Бул балдардын бири үйүндө билим алса, экинчиси мектепте окуйт», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×