Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Чүйлүк П.Чамбылов 80 миң сомдук уйларды багып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 62 жаштагы тургуну Пржевал Чамбылов 37 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Ал учурда эт жана сүт багытындагы Ала-Тоо тукумундагы уйларды багууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1980-жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келебиз. Уйларды кѳбүнчѳ эт жана сүт багытында багам. Учурда менде Ала-Тоо тукумундагы уйлар бар. Бул уйларды бакса тез семирет жана кѳп сүт берет. Бул уйга 1 күндѳ 3 кг жем жана 8 кг чѳп берилет. Булардын сѳѳгү чоң келип, жоош болушат. Кызыгып алам дегендерге чоң уйларды 80 миң сомдон, торпокторун 20 миң сомдон сатам. Мындан тышкары, чарбамда үндүк, тоок, ѳрдѳк, кой, козулар бар», - деди ал.

Пржевал мырза үй-бүлѳлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.

«Жубайым Рашида Тохтаева экѳѳбүз 2 уул, 2 кызга татыктуу тарбия берип, ѳстүрүп жатабыз. Рашида 1960-жылы Ысык-Кѳл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында тѳрѳлсѳ, мен ушул эле облустун Каракол шаарында 1955-жылы жарык дүйнѳгѳ келгем. Мурдагы Пржевальск шаарында тѳрѳлгѳндүктөн ысымымды ата-энем Пржевал деп коюшуптур», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 686
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×