Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Арпа-Тектирде 20 млн сомго спорт зал салынууда

Turmush -  Чүй районуна караштуу Кегети айыл аймагынын Арпа-Тектир айылына спорт зал салынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Р.Жунушалиев билдирди.

«Буга чейин айылга спорт залды салууга республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Спортзалдын салынышы айыл жаштарын кубандырбай койгон жок. Бизде спортто ийгилик жаратабыз деген таланттуу жаштарыбыз арбын. Кудай буюрса, жаш жеткинчектерибиз спортко бирин-бири үндөп, жаман адаттардан алыс болуп, айылдын атагын алыска таанытышат деген үмүттөбүз», – деди айыл өкмөт башчысы.

Аталган спорт залдын узундугу 30 метр, ал эми туурасы 12 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 308
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×