Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кара-балталык волейболчулар эл аралык Ысык-Көл оюндарында 1-орунду ээлешти

Turmush -  Кара-балталык волейболчулар Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык XVII Ысык-Көл оюндарында 1-орунду алышты.

Маалым болгондой, Елена Красюкова жана Елена Погребняк 35 жаштан жогоркулар арасында волейбол боюнча таймашта алты команданын ичинен баш байгени багындырышты.

«Көл жээгиндеги волейболдо тайпада эки гана оюнчу болот. Эгер, анын бирөө оюндан чыгарылса, анын ордуна кайра башкасы киргизилбейт. Бул оюн 21 упайга чейин ойнолот. Спортчулардын кумдун үстүндө чуркоосу оюнду татаалдантат. Аталган оюнда 1-орунга ээ болдук. Ал эми, классикалык волейболдо биздин команда 6 тайпанын ичинен 4-орунга ээ болду. Бизди Татьяна Миловацкая машыктырат», - деди Елена Погребняк.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 415
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×