Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кара-балталык спортчулар Ысык-Көлдөгү эл аралык оюндарда 10 медаль багындырышты

Turmush -  Кара-балталык жеңил атлетчилер Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык XVII Ысык-Көл оюндарында 10 медалга ээ болушту.

Маалым болгондой, аталган оюндар «Азия — тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы» деген ураан менен өтүп, ага Россиянын, Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын, Литванын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 1 миң 610 спортчусу катышты. Таймаштар кол күрөш, баскетбол, волейбол, аркан тартыш, сууда сүзүү, гиря көтөрүү, жеңил атлетика, футбол, волейбол, көл жээкте күрөшүү, самбо жана сумо боюнча өттү. Ошондой эле, «Ысык-Көл баатыры» мелдешинде спортчулар аркан тартыш, 100 кг салмактагы ташты көтөрүү жана кыргыз күрөшү боюнча күч сынашты.

Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинин спортчулары жеңил атлетика боюнча таймаштарга катышып, 6 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медалды багындырышкан. Анын ичинен 2 алтын медалды Елена Погребняк жеңип алып, Ысык-Көл оюндарында жеңил атлетика боюнча 7 жолку чемпион аталды. Ошондой эле, кумда чуркоо боюнча аралаш эстафетага Кадым Мушуров, Юлия Федорова жана Артур Федоров катышып, алтын медалга ээ болушту. Юлия Федорова 60 метр аралыкка кумда чуркоодо 1-орунду багындырса, ташты ордунда туруп ыргытуу боюнча 2-орунду ээледи. Мындан тышкары, ордунда туруп алыстыкка секирүү боюнча 2-орунду алды. Федор Салтанов жана Артур Федоров аталган спорт түрлөрү боюнча 3-орунга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 315
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×