Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кара-Балтада «Славян элдеринин достугу жана ынтымагы» белгиленди (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Славян элдеринин достугу жана ынтымагы» аталышындагы иш-чара өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган иш-чараны уюмдардын ачык эшик күндөрүнүн алкагында Кара-Балта шаарындагы «Орус дүйнөсү» россиялык мекендештердин коомдук уюму уюштурду. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коомдук ишмер Алла Измалкова мындай иш-чаралар элдик каада-салтты, үрп-адатты жана маданиятты сактоо үчүн керек экенин белгиледи. Иш-чаранын расмий бөлүгү жыйынтыкталгандан кийин концерттик программа тартууланып, Жайыл районунун жана Молдовановка айылынын чыгармалчыл тобу өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Андан кийин дасторкон жайылып, майрамдын конокторуна тамак-аш берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×