Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Кара-балталыктар Оторбаев аймагындагы электр чубалгынын жанына теректерди отургузгандарга нааразы

Turmush -  Кара-Балта шаарынын Оторбаев аймагында электр чубалгылардын жанына теректерди отургузуу туура эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга тургундар билдиришти.

7ccba8706338ca18bb0faea363a54b76_500_0_0

Маалыматка караганда, Оторбаев аймагындагы мечит-медресенин ээси электр чубалгыларынын жанына тез өсүүчү теректерди отургузган.

«Жашылдандыруу иштери жакшы, бирок теректердин бийиктиги электр чубалгыларына жеткенде эмне болот? Медреседен теректер өскөндө кыскартып турабыз деп айтышты. Бирок аны иш жүзүнө ашырары белгисиз», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 335
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×