Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: Жылына 200 бодо мал байлап саткан М.Сасыкулова тоютка 1 млн сом сарптайт (фото)

Turmush -  Чүй районуна караштуу Токмок шаарынын 34 жаштагы тургуну Мирлан Сасыкулов 10 жылдан бери мал чарбачылыгы менен иштеп келет. Ал байлап саткан жылкы, букаларга 1 жылдык жем-чөбү үчүн 1 миллион сомго чейин каражат сарптайт. Аймактык кабарчы токмоктук ишкер менен таанышты.

«Мен мындан 10 жыл мурун ушул ишти баштагам. Азыр жакшы билип калдык. Негизи ар бир ишти баштоонун алдында өзүӊдүн чоӊ каалооӊ болушу керек. Эгер сен ошол иштин майын чыгарып, ысыгы менен суугуна чыдап, бардык тоскоолдуктарды жеӊип чыксаӊ, ар бир ишти өнүктүрсөӊ болот. Менин бул ишим эӊ таза, эӊ мээнеттүү, маӊдай тер менен акча тапкан иш деп эсептейм. Ошол эле маалда элди да экологиялык жактан таза эт менен камсыздап жатам. Учурда чарбада жылкы, уй жана букалар бар. Эт багытындагы асыл тукум букаларды байлаганга аракет кылам. Анткени алар тез семире алат. Бир гана мал байлап, аны союп сатпастан, ушул ишти үйрөнөм дегендерге да үйрөтөбүз. Кыргызстандын мал чарбасы өнүгүп, өндүрүлгөн товарларды чет элге чыгарсак деген тилегим бар», - деди ал.

Анын чарбасына 50 баш бодо мал батат. Учурда ондой бука, ондой жылкы жана 5 кунаажын бар.

«Улам байлап сатып, анын ордуна кайра жаӊысын сатып келип отуруп, бир жылда 150-200 баш мал сатам. Бир жылдык жем-чөпкө жана башка керектөөлөрүнө кеткен чыгым 500 миӊ сомдон 1 миллион сомго чейин барат. Келечекте сүт багытындагы уйларды көбөйтсөм дейм. Чет өлкөлөрдөн мыкты тукумдагы бука, уйларды алып келсем деген аруу тилегим бар. Эгерде ар бирибиздин ишибиз өнүксө, анда мамлекетибиз да өнүгөт. Ар бир ишкер өзүнүн эле пайдасын көздөбөстөн, жалпы элдин да пайдасын көздөп иш кылышы керек», - деди ал.

Мирлан Сасыкулов 1983-жылы Чүй районунун Шамшы айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4703
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×