Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Айыл турмушу: 27 жаштагы Т.Ажыкулов байлаган букалардын салмагы 600 килограммга чейин жетет (фото)

Turmush -  Чүй районунун Алга айылынын 27 жаштагы тургуну Тилек Ажыкулов 5 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенет. Анын байлаган букаларынын салмагы 300 килограммдан 600 килограммга чейин жетет. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

WhatsApp Image 2017-09-15 at 12.30.54

«Мал чарбачылыгы менен 5 жылдан бери алектенем. Мал жандыктарынын бардык түрүн багам. Короомдо кыргыз жылкыларынан баштап, майда жандыктарга чейин бар. Бирок алардын ичинен эң көбүн букалар түзөт. Байлаган букаларымдын салмагы 300 килограммдан 600 килограммга чейин жетет. Жөнөкөй букаларды сатып алып, аларды 3 ай байлап, андан соң касапчыларга сатабыз. Андан түшкөн акчага 1-2 жаштагы букаларды сатып алабыз. Ошентип, айлантуу жолу менен иштейбиз.

Учурда чарбабызда 200 бука бар. Аларга эртең менен 4 таңгак чөп жана 1 мүшөк жем берилет. Жалпысынан 3 маал жем-чөп жана суу беребиз. Ал эми, жем-чөп кымбаттап кеткен мезгилде малдарды байлоодон чыгарабыз. Албетте малдын семириши баккан кишинин колунан да көз каранды. Кээ бир адамдардын колунан мал семирбейт. Негизи 200 буканы багууга жалгыз киши жетишпейт. Ошондуктан үй-бүлөлүү малчыларды жумушка алабыз. Айрым учурларда букалардын бирөө бир нерсеге чалынып же дагы башка себептерден улам өлүп калат. Бирок алардын санын 200 кемитпей толуктап турам.

Мал чарбачылыгы менен алектенем дегендерге алгач өзүңөргө ишенгиле деп кеңеш берем. Адам жан-дүйнөсү менен иштесе, чыгымга учурабайт. Мал сатык жакшы болгон учурда кеткен чыгымдан тышкары 30% киреше табабыз», - деди ал.

Т.Ажыкулов Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1990-жылы туулган. Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×