Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Дүйнөдөгү эң бай ишкер айымдар

Turmush -  Дүйнөдөгү эң бай ишкер айымдардын тизмесине 56 ишкер айым кирип, алардын көпчүлүгү Кытайдан жана Гонконгдон болду, деп жазат Forbes Woman басылмасы.

Басылманын эсеби боюнча, эң бай ишкер айым деп 47 жаштагы Чжоу Цюньфэй табылып, анын кирешеси 7,4 млрд долларды түздү. Ал Кытайдагы айылдардын биринде өсүп, өндүрүш тармагында иштөө үчүн 15 жашында окуусун таштаган. 1993-жылы үнөмдөгөн 3 миң доллар акчасына айнек экрандарды өндүргөн компания негиздеген. Бул анын 12-долбоору болгон, калганы ишке ашкан эмес. Учурда «Lens Technology» компаниясынан 2,2 млрд доллар киреше түшөт.

Ошондой эле, дүйнөдөгү эң бай ишкер айымдардын тизмесине Spanx компаниясынын негиздөөчүсү Сара Блэйкли, Facebook социалдык түйүнүнүн расмий директору Шерил Сэндберг, Hewlett Packard Enterprise ишканасынын жетекчиси Мэг Уитмен, Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина жана башкалар кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5658
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
nikola.8275
12:58, 14 сентября 2017
Чжан Синь
Көп окулду
×